Акушердик байкоо жүргүзүү жана жооп кайтаруу системасына кош келиңиздер
Акушердик байкоо жүргүзүү жана жооп кайтаруу жалпы улуттук системасы (АБжЖС) энелер оор акушердик абалды башынан өткөргөн бардык учурларды улуттук деңгээлде стандартташтырылган аныктоо жана баалоодон келип чыккан сунуштамалардын жана алынган сабактардын методологиясын колдонуу аркылуу энелердин ден соолугун коргоону жакшыртуу үчүн системалуу, узак мөөнөттүү процесс болуп саналат. АБжЖС БДСУнун “Сандардын артында эмне жатат – Коопсуз кош бойлуулукту камсыздоо максатында энелер өлүмүнүн жана татаалдашуулардын учурларын изилдөө” жетектөөчү документине жана Улуу Британиядагы акушердик көзөмөлдөө системасы (UKOSS) сыяктуу бүткүл дүйнө жүзүндө калыптанып калган алдыңкы тажрыйбаларга ылайык, энелердеги оор татаалдашууларды талдоолордо камтыган сунуштарга ылайык чараларды жайылтуу, баалоо жана көрүү жолу менен энеликти коргоонун сапатын туруктуу жогорулатууга түрткү берет.
